• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта мугалимдин окуучуну сабашы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Ж.Бөкөнбаев №1 атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими 7-класстын окуучусун сабаган.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окуя 23-майда орун алган.

“Күн мурун Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөн. Бүгүн комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мурдараак социалдык тармактарда мугалимдин окуучу кызга кол көтөрүп жаткан видеосу тараган.

Пикир

Оставить комментарий