• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сузакта Нефтепром – Үч-Мазар – Дош жолунун 4 км аралыгына асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы Нефтепром – Үч-Мазар – Дош жолунун 4 чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага республикалык бюджеттен 28 млн 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Жумушту "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасына караштуу №22 жол тейлөө мекемеси аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий