• 80.18
  • 77.5
  • 1.37

Сузакта өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

981 кароо Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Сузакта өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Сузак айылындагы №90 Манас атындагы орто мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына "Өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыктары болгондо көрүлүүчү чаралар жана иш-аракеттер" деген темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.

Мындан тышкары Алтын-Балык балдар бакчасынын кызматкерлерине өрт кырсыгын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий