• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта сел агызып кеткен 6 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20-июль күнү саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Достук, Чаңгыр-Таш айылдарындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулар турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун сел каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сел 6 жаштагы М.А. аттуу кызды агызып кеткен.

Жеринде издөө иштеринин натыйжасында жогоруда аталган кыздын сөөгү туугандары тарабынан табылган.

Ал эми тартылган күчтөрдүн жардамында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулду.

21-июль күнү жумуш улантылат.

Пикир

Оставить комментарий