• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузакта сел калдыктарын тазалоо иштерине 2 миңден ашык кызматкер тартылды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Сузак районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн тазалоого 2 миңден ашуун кызматкер, 45 техника жана 27 мотопомпа тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:

- 211 кызматкер;

- 11 оор инженердик техника 19 мотопомпа.

Жарандык коргонуу кызматтарынан:

- 325 кызматкер;

- айыл аймак жана мекеме, ишканалардан 429 кызматкер;

- 34 техника жана 18 мотопомпа

- жергиликтүү тургундардан - 862 адам.

Кошумча:

- Кыргыз Нефтегаз 5 асинизатор (суу соргуч);

- жеке ишкерлер 4 асинизатор (суу соргуч);

Ошондой эле Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнөн 100 кызматкер, ИИМдин Ички аскерлеринен жана Жазык аткаруу кызматынан жалпы 85 кызматкер тартылды.

Пикир

Оставить комментарий