• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта сел өтүүчү каналга жер көчкү түштү – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы 23-квартал тилкесинде сел өтүүчү каналга болжол менен көлөмү 20 миң метр куб болгон жер көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя кечээ, 18-декабрда болжол менен саат 08:00дөр чамасында болгон.

Алдын ала маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ барып, жер көчкүдөн жабыркагандар жок жана көчкү турак жайлардан 300 метр алыстыкта экендигин аныкташкан.

Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий