• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен ошондой эле Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген.

Тактоо үчүн жерине Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Пикир

Оставить комментарий