• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта сел жана көчкүнүн алдын алуу максатында жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү иштери жүрүүдө - аким

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Сузак району Кыргызстанда көчкү жана сел эң көп жүргөн аймактардын катарына кирет. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жасалган мониторингге ылайык, Сузак районунда 102 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү чечими кабыл алынган. “Азыркы убакта Кайрыма участогуна 18 чатыр тигилип, жарандар көчүрүлдү. Ошондой эле дагы башка коопсуз жайларга көчүрүү иштери улантылууда”, - деп кошумчалады ал.

Аким баса белгилегендей, айрым учурда өз үйлөрүнөн коопсуз жайларга көчүүдөн баш тарткан жарандар да кездешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий