• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта селден жабыркаган 8 үй-бүлөгө үй курулууда

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Сузакта селден жабыркаган 8 үй-бүлөгө үй курулууда. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен үйлөрү толугу менен жабыркаган Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн курулуп жаткан объекттер менен Сузак районунун башчысы Баратбек Сыдыкназаров таанышып чыкты.

8 үйдү куруп бүтүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 5 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, бул саамалык үчүн облус боюнча мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк айлык маяналары дагы чогултулуп, курулуш үчүн колдонулууда.

Курулуш иштерин тездетүү үчүн шарттар каралып, куруучулар жана жергиликтүү башкармалык менен талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий