• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта селден жабыркаган үй-бүлөлөргө акысыз ун жана май таратылат

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Сузак районунун Барпы, Атабеков жана Сузак айыл аймагынын Арал айылындагы селден жабыркаган үй-бүлөлөргө акысыз ун жана өсүмдүк майы таратылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Дан-Юг” ЖЧК тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүү максатында миң мүшөк ун жана 3 миң литр май бөлүнүп, КР ӨКМнин техникалары менен Барпы айыл өкмөтүнө жеткирилди.

"Алдыдагы күндөрү жардам селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий