• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сузакта өспүрүмдөргө карата рейд жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Сузак милициясы тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында кайырчылык кылгандар менен катар 45 кожолук, 5 жер төлөө, 4 компьютердик клуб текшерилип, 3 жаш өспүрүм социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Түнкү убакыттарда коштоочусу жок оюн клубдарында жүргөн өспүрүмдөр райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле оюн-зоок клубдарынын ээлерине жаш өспүрүмдөргө чектөө коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий