• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта суу ташкынынан жабыр тарткан электр мамычалар жана трансформаторлор калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Сузакта суу ташкынынан жабыр тарткан электр мамычалар жана трансформаторлор калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу “Жалалабатэлектро” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында тынымсыз жааган жамгырдан улам айыл ичин суу каптаган. Анын кесепетинен эки трансформатордун ичине суу кирип, эки даана электр мамыча кыйроо абалына кептелген.

“Азыр жыгач электр мамычанын ордуна бетон мамыча орнотулуп жатат. Ал эми үйлөрдүн ичине чейин суу киргендиктен, адистер аталган үйлөрдү кылдат карап, андан соң электр жарыгын беришет. Эки трансформатордон электр жарыгын алган гана абоненттерде электр энергия жок, калган абоненттерге кечээ жарык берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда үч бригада текшерүү жумуштарын алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий