• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта түндө ата-энеси жок жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм кармалды

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Сузакта түндө ата-энеси жок жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жалал Абад облустук милициядан билдиришкендей, Сузак райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, эмгекке тартылуусунун жана чоңдордун көзөмөлү жок түнкү убакытта көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алуу максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын алкагында 45 коомдук жай (дүкөн, тамактануучу жана эт сатуучу жайлар, мончо), ишканада текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ата-энеси жок түндө сыртта жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилген. Милиция кызматкерлери жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана татыктуу тарбия берүү керектигин түшүндүрүшкөн.

Мындан сырткары, 4 өспүрүмдүн ата-энесине материалдар топтолуп, аларга карата чара көрүү үчүн Сузак райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий