• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сузакта туугандары тарабынан зомбулукка кабылган 2 жашар кыздын ишин милиция кокустук деп каттаган

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 жашар кыз туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоочулар" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 7-май күнү Жалал-Абад облустук ооруканага бүт денесинде ур-токмоктун көп издери бар 2 жашар кыз келип түшкөн. Кыздын башында шишик, денесинде жаңы жана эски ур-токмоктун издери бар экендиги аныкталган.

“Кыздын энеси Москвага иштеп кетиптир. Күйөөсү жок экен. Кичинекей кыз жана 5 жашар бала апасынын өгөй энесинин кароосуна калтырылган. Ал айым дагы бир нече небересин тарбиялап жаткандыгы маалым болгон. Болжол менен кыз туугандары тараптан зомбулук көргөн”, - дейт Турдубекова.

Анын айтымында, кыз ден соолугуна терс таасир алып келүүчү оор ур-токмокторго дуушар болгондугуна карабастан, ошол үй-бүлөнүн бир да мүчөсү жоопкерчиликке тартылган эмес. Укук-коргоо органдары бул ишти балдарга карата зордук-зомбулук кылуу фактысы эмес, кокустук катары каттоого алган.

“Кыздын энесинин жана туугандарынын позициясына карабастан, кызга зордук көрсөткөн туугандарын жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүзөбүз”, - дейт Турдубекова.

“Балдардын укугун коргоо" лигасы фонду тарабынан катаал мамилеге кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер, акыйкатчынын институту, социалдык коргоо башкармалыгы, Бишкек шаарынын жоопкерчиликтүү жаш энелери форумунун активисттери жана Москвадагы мекендештер ортосунда балдарды коргоо боюнча координациялык топ түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий