• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта улгайган адамдарга сый-урмат көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районундагы жүз жаштан ашкан улгайган карыялардын үйлөрүнө барып, майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Сузак районундагы 200 карыяга майрамдык көтөрүңкү маанай тартуулоо максатында сый-тамак уюштуруп, концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага катышкан облус башчысы улгайган жарандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү аракеттери улантылаарын белгиледи. Өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө, жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө бүгүнкү улгайган жарандардын эмгеги чоң экенин айтып, аларга ден соолук каалады.

Ыйгарым укуктуу өкүл майрам алкагында Сузак районундагы карылар үйүнө барып, ал жердеги жарандардын абалынан кабар алды. Жардамга муктаж карыялар унутта калбасын белгилеп, мекеме жетекчилигине улгайган жарандарга сый-урмат менен мамиле жасоо, керектөөлөрүн камсыздоого көңүл буруу зарылдыгын эскертти.

Жалал-Абад облусунда 100 жаштан ашкан 33 улгайган адам бар. Алардын ар бирине ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 3 миң сомдон акчалай жардам берилди. Ал эми облуста 130 миң 757 пенсия курагындагы карыялар бар.

Пикир

Оставить комментарий