• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта унаа жылкыны сүзүп, жаш жигиттер жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Сузакта унаа жылкыны сүзүп, жаш жигиттер жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Чолок айылында “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган А.Р., М.А., Д.Б. жана Б уулу Н. аттуу жаш жигиттер жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Жалал-Абад шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий