• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта унаанын алдыңкы орундугуна жаш балдарды отургузган учурлар текшерүүгө алынды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Сузакта унаанын алдыңкы орундугуна жаш балдарды отургузган учурлар текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытындагы иш-чаралары улантылууда.

Иш-чара учурунда өспүрүмдөргө велосипед менен чоң көчөлөргө чыкпоо керектиги эскертилди. Айдоочуларга жаш балдарды унаанын алдыңкы отургучуна отургузбоо зарылдыгы жеткирилип, жол эрежелерине баш ийүү керектиги айтылды.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди күн ысык мезгилдерде балдарына көзөмөл кылып, алардын кооптуу аймактардан сууга түшүүсүнүн алдын алууга чакырышты. Жайкы эс алуу учурунда окуучулар коомдогу жат көрүнүштөргө аралашып калуусун болтурбоо жана кароосуздуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий