• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сузакта WhatsApp аркылуу жалган маалымат тараткан жаран аныкталды

Аймак 0


Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Сузакта WhatsApp мессенджери аркылуу жалган маалымат тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин WhatsApp мессенджери аркылуу Сузак районунун аймагында массалык түрдө балдар уурдалып жатат деген үн жазуу тараган.

Ал үн жазууда белгисиз аял төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөгөн: “Жаңылык! Биз жакта аябай бала уурдалып жатат. Сузакта кечинде дагы 2 бала уурдалыптыр. Ошол менен бешөө, бешөөнүн ичинен төртөө дайынсыз. Бирөөнүн Кызыл-Байрак, Благовещенканын адырынын түбүнөн ичин жарып, ички органдарын алып кетти. Жүрөк, бөйрөктөрүн алып кетиптир. Өзүнүн ичеги-карыны жок ошол жерден өлүгү табылыптыр. Калгандарын таппай жатышат. Ошко чейин издеп барышты. 2 аял уурдап жатат экен. Сүрөтү менен чыкты. Мен сабак берген класстан 1 окуучу жок. Биринчи ошол жоголду. Анан калгандары жоголду. “Айбек” мектебинен 1 баланы көтөрүп качып бараткан жеринен элдер көрүп калып кыйкырып, машинасына жетейин дегенде таштап коюп качып кетип калыптыр. Ошол, 5 бала жоголуп, кыямат. Элдин баары балдарын мектепке жөнөтпөй. Жалаң 3-4-5-класстын балдары уурдалып жатат”.

Бул үн жазуу социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) жана Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул үн жазууну жаздырып WhatsApp тайпасына тараткан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну А.К. экендиги аныкталды. Ал бул үн жаздырууну өзүнүн уулуна жөнөткөндүгүн, ал небересине жөнөтүп, небереси башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, ал жактан тарап кетишин билбегендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады.

Бул факты Сузак РИИБдин МЭЖне текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий