• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта жүк ташуучу унаа окуучу кызды басып калган

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында кечээ, 31-октябрда саат 17:40тар чамасында КамАЗ арыкка кулап кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. КамАЗ 15 жаштагы Р.А.А. атуу окуучу кызды басып калган. Ал жеринде көз жумган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий