• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта жаш балдардын от менен ойноосунун кесепетинен 7 тонна чөп, 200 түк саман күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Сузак районунун Үч-Малай айылында жаш балдардын от менен ойноосунун кесепетинен 7 тонна чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-декабры күнү саат 15:50 Үч-Малай айылындагы ачык аянтта жыйылган 7 тонна чөп, 200 түк саман жана 200 боо жүгөрү сабагы күйүп кетти.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:02 чектөөгө алынып, саат 18:20 толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу.

Мындай өрт кырсыктары көп калгандыктан, адистер жаш балдарды кароосуз калтырбоого жана күйүүчү заттар менен ойноосуна жол бербөөгө чакырышат.

Пикир

Оставить комментарий