• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта зордук-зомбулукка каршы спорттук иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан мектеп окуучуларынын эс алуу учурундагы убактыларын жакшы өткөрүү жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Көк-Арт айыл аймагындагы 7 орто мектептин окуучулары катышкан мелдеш №10 Көк-Арт гимназиясында уюштурулуп, жогорку класстардын улан кыздары катышты. Жеңүүчүлөргө жергиликтүү бийлик жана милиция тарабынан ардак грамоталар, топ жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Оюндун жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс болууга жана спортту сүйүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий