• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта зордук-зомбулукка каршы спорттук мелдеш өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Сузакта зордук-зомбулукка каршы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин жана Ырыс айыл өкмөтүнүн демилгеси менен жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган спорттук иш-чара болуп өттү. Кичи футболго аталган айыл аймактын мектеп окуучулары жана кесиптик лицейдин студенттери катышты.

Оюндардын жүрүшүндө активдүүлүгүн көрсөтүп, 1-орунду №5 Бабур атындагы орто мектебинин окуучулары жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан кубок, баалуу белектер тапшырылды.

Жаштар арасындагы ынтымакты бекемдеп, зордук-зомбулукка каршы уюштурулган спорттук иш-чара учурунда милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү. Мекенди жана спортту сүйүүгө чакырышып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий