• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан зордук-зомбулуктардын алдын алууга багытталган тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Сузак райондук милициясынын башчысынын орун басары Канатбек Саркаров, билим берүү, балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, социалдык адистер, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, дин өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мектеп мугалимдери жана активист окуучулар катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө үй-бөлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда милиция тарабынан көрүлүп жаткан чаралар баяндалды.

"Коомдогу жат көрүнүштөргө бөгөт коюуда бардык жарандар кайдыгер карабастан, тартип сакчылары менен биргеликте аракеттенүү зарылдыгы белгиленди. Эрте никеге турган үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук көп болору, анын алдын алуу керектиги, жаш балдарга татыктуу тарбия берүүдө ата-эненин орду чоң экендиги айтылды", - деп белгилешти милициядан.

Мындан сырткары, катышуучуларга атайын даярдалган видеороликтер, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий