• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузактагы 11 жашар баланын өлүмү: Шектүү эжеси экендиги айтылууда

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Сузактагы жаш баланы 14 жаштагы эжеси өлтүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин берген маалыматына ылайык, кыз реабилитациялык борборго жаткырылып, тиешелүү психикалык жана укуктук жардам көрсөтүлөт.

Ведомстводон кыздын туугандары чакыртылганын кошумчалашты. Бирок, 14 жаштагы кыз тергөө жүрүп жаткан учурда туугандары менен чогуу жашоого каршы экендигин билдирген.

Азыркы учурда аталган факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө .

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каңды айылында мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен 2008-жылкы баланын сөөгү табылган. Кийин окуя болгон жерден кат табылган.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 14 жашар эжеси кармалып, көрсөтмө берген.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБнин КЖБРне «Адам өлтүрүү» фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Иним экөөбүз мурда бири-бирибиздин колу-бутубузду скотч менен байлап ойночубуз. Ошол күнү мен алгач аны столго отургузуп, колу-бутун скотч менен байладым. Чоң бөлмөнүн ичинде турган бычакты алып сайып жибердим. Бирок кантип жана канча жолу бычактаганым эсимде жок. Бычак менен кийимдеримди үйдөгү даратканага ыргытып жиберип, коңшу эжеге барып инимдин өлүк жатканын айттым. Бирок аны мен жасагандыгымды айткан жокмун", - деп билдирген ал.

Пикир

Оставить комментарий