• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузактагы 11 жашар баланын өлүмү: Тергөө аяктаганча шектелүүчү кыз чоң атасы менен жашайт

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бир тууганы киши колдуу болгон жана ал ишке шектүү катары айтылып жаткан кыз чоң атасы менен жашоого макул болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, 13 жаштагы кыз чоң атасы менен жолуккандан кийин тергөө аяктаганча аны менен жашоого макул болгон.

Кыргызстандын "Балдар жөнүндө" кодексинин 75-беренесине ылайык, ал чоң атасына убактылуу камкордукка берилген. Шектүү кыз психологиялык жардам алууда.

Учурда кыз милиция жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда психиатриялык экспертизадан өтүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, кыздын үй-бүлөсү райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында турмуштук оор абалда болгон үй-бүлө катары катталган эмес.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районун Каңды айылында 8-июль күнү бычакталып өлтүрүлгөн 11 жашар баланын сөөгү табылган. Милиция кызматы билдиргендей, бул окуяга анын 13 жаштагы эжеси шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий