• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузактагы 4 тилкедеги добуш берүү жыйынтыктарын жокко чыгаруу шайлоонун жыйынтыгына таасир бербейт -БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 20.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 4 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу шайлоонун жыйынтыгына таасир бербейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттиген КР Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык Аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) тилкеде процедуралык бузуулар аныкталса, андагы добуш берүү жыйынтыктарын жокко чыгаруу укугуна ээ.

“Бүгүнкү күнү БШК АШКнын чечимин алды, бирок азырынча негиздеме жок. Биздин маалыматыбызда, добуштарды жокко чыгарууга белгиленген тилкелерде бюллетендерге салыштырмалуу идентификациялык чектер көп болуп чыккан. Бул ченемдик-укуктук актыларга ылайык, жыйынтыктарды жокко чыгарууга себеп боло алат. Шайлоо тилкелериндеги абалды саясатташтыруунун кажети жок”, - деди ал.

Бекматов 4 тилкенин добуш берүү жыйынтыктарын жокко чыгаруу шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

“Жада калса, ар бир тилкеде 2 миңден шайлоочу болсо да, шайлоого алардын жарымы катышкан, 4 миң добуш шайлоонун жалпы жыйынтыгын эч өзгөртө албайт”, - деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча 54,8% добуш алган Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий