• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузактагы ‘’Алтын-Балалык’’ лагери балдарды кабыл алууга даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Алма айылындагы ‘’Алтын-Балалык’’ лагеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лагерди балдардын жайкы эс алуусуна даярдоо 25-июнда аягына чыгарылып, 1-июлдан тарта иштеп баштайт.

Аталган лагерь Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан каржыланат. Ага шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган 200дөй бала, жыл сайын эс алууга жиберилет.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясынан улам өткөн жылы лагерь иштеген эмес.

Пикир

Оставить комментарий