• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузактагы Арал айылына таза суу жеткирилет — өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында таза суу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоор “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” тарабынан каржыланып, 3 миң метр аралыкка суу жүргүзүү иштери жүрүп жатат.

Сузак айылдык кеңешинин депутаты Шерзатбек Умарбековдун айтымында, буга чейин Арал айылында таза суу көйгөйү орчундуу болуп, тургундарга бир катар кыйынчылыктар жаралып келген.

Маселени чечүү максатына азыркы учурда облустук жана жергиликтүү бийлик “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” менен биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Сузак районунун Арал айылында 4 миңдей калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий