• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузактагы Көк-Арт дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына жети жаштагы бала чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 28-майда болжол менен кечки саат 19:00дөр чамасында болгон. Баланы дарыянын агымы агызып кеткен.

Баланы куткаруу иштерине ыкчам түрдө 19 куткаруучу жана 25 милициянын кызматкери тартылган.

Баланын сөөгү саат 20:50лөр чамасында табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий