• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузактагы көмөк чордон капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Сузак районунун “Атчапар” участкасында жайгашкан Жалал-Абаддагы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына караштуу 220/110/10 чыңалуусундагы «Төрөбаев” көмөк чордону 41 жылдан кийин биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүп жатат. Жакынкы күндөрдө бул оңдоп-түзөө иштери аяктап, бир катар аймактарга электр кубатын үзгүлтүксүз берүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Аталган көмөк чордон Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунун жана Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорун электр энергиясы менен камсыздайт. Ошондой эле, Өзбекстандын “Лочин” көмөк чордону менен транзитке туташкан.

Эгер көмөк чордондун таржымалына кайрылсак, 1978-жылы кубаттуулугу 125.000 КВА келген АТ-1 автотрансформатору орнотулуп, ишке киргизилген болчу. Өлкөдө электр энергиясынын колдонуучуларынын саны өскөндүгүнө байланыштуу 1985-жылы кошумча дагы АТ-2 жана 2006-жылы АТ-3 автотрансформатору орнотулуп, колдонууга берилген.

Керектөөчүлөрдү сапатуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында бул көмөк чордондо акыркы жылдары бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. “Улуттук электр тармактары” акционердик коому менен макулдашып, 41 жылдан бери АТ-1 автотрансформатору биринчи жолу алдын ала даярдалган бизнес-план боюнча капиталдык оңдоп-түзөөгө чыкты. Капиталдык оңдоого кетүүчү бүт кошумча бөлүктөр жана материалдар бөлүнүп берилди. Автотрансформаторду иштеп чыккан Украинадагы Запорожье трансформатор заводунан, “Улуттук электр тармактары” акционердик коомунан жана Чүйдөгү жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынан атайын жогорку квалификациялуу адистер чакырылган. “Нарын ГЭС” ишканасынын 100 тонналык автокрану да кошо чакырылды.

Ошондой эле Жалал-Абаддагы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынынкөмөк чордон кызматынын 3 бригадасы ага жетекчилик кылган Кыргызалиев Дөөлөтбектин жана анын орун басары Эралиев Мараттын иш-тажрыйбасынын алдында иш алып барышууда. Мындан сырткары,ишкананын релелик коргоо кызматы, изоляция кызматы, механизация жана транспорт кызматынын кызматкерлери да бул маанилүү ишке өз салымдарын кошуп жатышат.

Капиталдык оңдоо күнү-түнү үзгүлтүккө учурабай 10 күндө толук бүткөрүлмөкчү. Бул оңдоп-түзөө иштеринин аки-чүкүсү бүтүндөй атайын программада алдын ала каралган, анда көрсөтүлгөндөй, иш процессиндеги ар бир иш-чара саат-сааты менен тастыкталган. Негизинен жумушчулар, адистер автотрансформатордун майын төгүп, салмагы 90 тонна болгон активдүү бөлүгүн чыгарып, изоляциясын текшерип, чырмалган жабдуусун (обмоткасын) пресстеп, изоляциялык төшөлмөлөрүн алмаштырып, майын куюп, вакуумдап, дегазациялоо иштерин аткаруусу керек. Бул өтө жоопту жана түйшүктүү иш.

Ошентип, энергетиктер Жалал-Абад облусундагы жана кошуна облустун бир катар аймактарын электр кубаты менен үзгүлтүк сүз камсыз кылуу, күзгү-кышкы мезгилдеги өтө жооптуу өнөктүккө жакшылап даярдануу үчүн жакшы аракеттерди көрүп жатышат. Албетте, азыртан көрүлгөн аракеттин үзүрү эртең жаман болбойт деген ишеним бар. Буюрса, оңдоп-түзөөдөн өткөн бул көмөк чордон аркылуу суткасына 10.000 киловатт-саат электр энергиясы өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий