• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сузактагы Канжыра дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы туулган М. уулу М. аттуу бала мал айдап баратып дарыяга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн издөө иштерине 13 куткаруучу тартылып, кечки саат 17:00дө баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий