• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сузактагы карылар үйүнө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад обулстук ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган бир катар облустук тармактын жетекчилери менен ЖОЖдордун ректорлору Сузак районундагы Октябрь айылындагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жардандар камкордукка алынышкан социалдык мекеменин жашоочуларынан кабар алышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Улгайган карылар менен мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык мекеменин камкордугуна алынышкан жарандарды 1-октябрь – улгайган адамдардын Эл аралык күнү майрамы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондусунан аталган карылар үйүнө 25 миң сом которулуп берилген.

Социалдык мекеменин камкордугуна бөлөнүшкөн улгайган адамдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарды Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, ЖАМУнун проректору, экономика илимдеринин кандидаты Жаныш Арынбаев жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн директорунун орун басары Абдуллажан Шодиев куттукташып, материалдык колдоолорун көрсөтүштү.

Сузак районундагы Октябрь айылындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин башчысы Майрам Узакбаеванын берген маалыматына ылайык, учурда бул жерде 100 улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар толук мамлекеттик камкордукка алынышкан. Алардын ден соолугун көзөмөлгө алган 14 дарыгерлер менен медайымдар эмгектенип жатышат.

Пикир

Оставить комментарий