• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузактагы салык органынын инспектору ишенимден кеткендигине байланыштуу иштен бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын кызматтан бошотулушуна патентти жабуу маселесин оң жагына чечүү үчүн жергиликтүү тургундан пара алуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалышы негиз болду.

Пикир

Оставить комментарий