• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сузактагы жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы оор экени айтылууда

Кырсык 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Сузак районундагы жол кырсыгынан жабыркаган 3 жарандын абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

“Кырсыктан жабыркагандар Жалал-Абаддагы облусттук клиникалык ооруканага жаткырылган. Алардын абалы оор”,-деп билдирди басма сөз кызматы.

Каза болгон үч жарандын өздүгү аныкталууда.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Беш-Бала айылында “Фольксваген Вента” жана “Хундай Кари” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, үч адам көз жумуп, үчөө ооруканага жаткырылган.

Расмий маалыматтар боюнча, жол кырсыгынан күнүнө Кыргызстанда орточо эсеп менен үчтөн адам каза болуп, 20га чукулу ар кандай жаракаттарды алууда. Тиешелүү мекемелер тарабынан кырсыктардын санын азайтуу боюнча эч кандай аракеттер көрүлгөн жок.

Пикир

Оставить комментарий