• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузактын Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. опузалап пара алуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-августта Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим берүү мекемесинин ажатканасын куруу жана айыл өкмөттүн чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылганын, бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, арыз ээсине которулган акча каражаттарын опузалап алып койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча Сузак районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий