• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузактын Комсомол айылында ҮДТнын жаңы имараты курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Сузак районунун Комсомол айылындагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курула баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн медициналык мекеменин имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасы өттү. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.

Мекеме эки кабаттуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалмакчы. Ал Кувейт мамлекетинин "Абдулла Нури" коомдук бирикмеси жана "Ассанабил" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Сузак районунун Комсомол айылындагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жергиликтүү 11 миң 500гө жакын калкты медициналык жактан тейлеп келет.

Пикир

Оставить комментарий