• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сузактын Бостон айылында 2,3 чакырым көчөгө асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Бостон айылындагы 2 чыкырым 300 метрди түзгөн көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, жол Бостон жана Ак-Баш айылдарын бириктирген маанилүү каттамдардын бири болуп саналат. Ага республикалык бюджеттен 14 млн 360 миң сом акча каражат жумшалды. Ачылыштын жүрүшүндө жашоочуларга жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, ири долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий