• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Свердлов акимиаты тарабынан мектеп жана бала бакчаларга колдоо көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов акимиаты тарабынан мектеп жана бала бакчаларга колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков № 14 мектепке чейинки билим берүү борборуна видеокамера сатып алууга сертификат тапшырды.

№ 14 мектепке чейинки билим берүү борборуна видеокамера алуу үчүн акимчиликтин резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, № 45 жана № 94 орто мектептерге комплект катары 22 компьютер алынды.

Оргтехниканы сатып алууга жумшалган каражат 999,6 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий