• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Свердлов райондук прокуратурасы 8,8 млн сомдук жер участкаларын муниципалдык органга кайтарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан жер участкалары муниципалдык органга кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай куруу департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан Бишкек шаарынын Древесная кɵчɵсүндɵ жайгашкан аянты 0,2089 га болгон 4 муниципалдык жер участкалары мыйзамсыз түрдɵ жарандардын менчик укуктарына катталгандыгы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы укук күбɵлөндүрүүчү иш кагаздарын жараксыз деп табуу жɵнүндɵ сот органдарына доо арыз келтирилген.

Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери Свердлов райондук администрациясынын токтомдорунун кɵчүрмɵлɵрүн жасалмалагандыгынын кесепетинен, жарандарга жерге болгон менчик укуктары катталгандыгы аныкталган.

Ушундай эле мыйзам бузуу менен Бишкек шаарынын Витебская кɵчɵсүндɵ жайгашкан 0,0678 га жер участкасына менчик укугу катталган.

Свердлов райондук прокуратурасынын доо арыздарынын кароонун жыйынтыгы менен, келтирилген прокурордук актылардын негизинде базар баасы 8 млн 850 миң сомду түзгɵн 0,2767 га жер участкалары муниципалдык органга кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий