• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Свердлов райондук Соцфонддун кызматкерлери 200 миң сомду уурдоого шектелүүдө – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Бишкек шаардык Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан КР Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгында антикоррупциялык мыйзам талабын сактоо текшерилди.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2017-жылдын 22-майында аталган райондун Соцфондунун башкы адиси М.А. “Аламүдүн” соода-базар комплексинин физикалык жактарына сатылган 50 даана камсыздоо полисин сатуудан түшкөн каражатты ээлеп алган. Мындан тышкары, М.А. бөлүм башчы Т.Б. менен сүйлөшүп алып, буга чейинки бланктар үчүн отчет бербестен, полистерди сатуудан түшкөн каражаттарды алууну уланткан.

Соцфонддун аталган кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 200 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Свердлов прокуратурасы тарабынан КР КК 171 жана 304-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, шектүү Свердлов райондук сотунда каралып жаткан алдамчылык боюнча кылмыш ишинде соттолуучу болуп саналат.

Бишкек шаары боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тергөө жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий