• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Свердлов райондук соту С.Жапаровду колдоо митинги боюнча төмөнкүлөрдү билдирет

Коом 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 2017-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренесинин 3-бөлүгү 2,3-пунктары, 341-беренесинин 1-бөлүгү, 174-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган А. Бегишов, С. Жапаров, К. Жапаров, Р. Жапаров, Б. Казиев, Шамшидин уулу Айдынбек, Э. Тагаев, Ж. Жеңишбеков, Ч. Кожогельдиев, А. Бейшенбеков, У. Усупов жана А. Исаевге карата баш коргоо чараларын тандоо жөнүндө өтүнүчтөрү каралган. Соттун токтомдору менен өтүнүчтөр канааттандырылып, аталган жарандарга эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чаралары тандалган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту билдирди.

Р.С.Жапаровго карата баш коргоо чарасын тандоо учурунда, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 95-беренесинин талаптары бузулгандыгы аныкталгандыктан, башкача айтканда, кармоо протоколу шектүүгө жактоочунун катышуусуз жарыялангандыктан, Бишкек шаарынын ИИББнын ТБнын тергөөчүсү А. Жапаровго жай аныктама чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий