• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Свердлов району жарыктандырылууда - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов району жарыктандырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

"Жыл башынан бери Свердлов районунда 159 көчө жарыктандырылды. 1 миң 830 светодиоддук чырак, бир жарым миңден ашык кронштейн орнотулуп, анын алдына 30 км аба чубалгылары тартылды. «Чыгыш-5» кичирайонунун №1, 1/3 ,2, 2/3, 3/3, 4,4/3 5,8,9,10,12,20, 21, 22, 30, 31 үйлөрүнүн короолоруна 58 чырак, 9 кронштейн, 18 темир түркүк орнотулуп, 1 миң 265 метр аба чубалгылары тартылды", - деп билдиришти муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, бул жылы төрт районго 10 миңдей чырак орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий