• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин Свердлов районунда фасаддардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда фасаддардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, Свердлов районунда шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында борбордук көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан чарба субъекттерге жана турак жайларга имараттардын фасаддарын эстетикалык көрүнүшкө келтирүү боюнча 90дон ашык билдирүүлөр берилген.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө район аймагында 10 штендер жана 23 жарнак такталары демонтаждалды.

Мэриядан кошумчалашкандай, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин 25 объектинин фасадынын алдын ала долбоорлору даярдалды.

Бүгүнкү күндө демөөрчү «Интер Текстиль» ЖЧКсынын колдоосу менен Чүй проспектиси 117 дарегиндеги турак жайдын фасады сырдалды.

Мындан сырткары, Кыргыз-Россия славян университети жана «UNYBOX» ЖЧКсы тарабынан Чүй проспектисинин №42, 44 жана Абдрахманов көчөсүндөгү №141 имараттардын фасаддары сырдалды.

Ошондой эле «Мега Строй» ЖЧК курулуш компаниясы жана «Ланьджоуски» кафесинин ээсии тарабынан имараттардын фасаддарын сырдоо үчүн 740 кг боёк берилди.

Калган объектилер боюнча чарбалык субъектилердин ээлери жана курулуш уюмдары менен иш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий