• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте рейддин алкагында түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн 12 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасында рейд өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар «Дордой», «Аламүдүн», «Мадина», «Чынар», Старый толчок базарларында, «Глобус», «Народный», «Фрунзе», ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», супермаркеттерде, Борбордук мечиттин жанындагы жана башка мечиттерде беш мобилдик топ тарабынан өткөрүлдү. Ошондой эле түнкү интернет клубдар, кафелер текшерилди. Жалпысынан 180 объект камтылды.

Жыйынтыгында кайыр сураган балалуу 1 аял аныкталды. Ошондой эле кароосуз калган 12 бала түн ичинде чоңдордун коштоосунда жүрбөгөндүгү аныкталып, кароосуз калган 4 бала КР ИИМдин укук бузууларды алдын алуу борборуна, 2 бала «Айданек» өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборуна жеткирилген.

Бардык аныкталган фактылар боюнча жашы жете элек балдардын ата-энелери менен келечекте мындай фактыларды болтурбоо максатында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бардык аныкталган кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөр ата-энелерине жана туугандарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий