• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Свердлов районунун башчысы ирригациялык тармактардын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков райондогу ирригациялык тармактардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын калктуу конуштарынын жана айрым көчөлөрүнүн жашоочулары үйлөрдүн боюндагы ирригациялык тармактар маселесин көтөрүп келишет.

Бул маселени чечүү максатында муниципалдык администрация №21 жана №20 МАБдар менен биргеликте турак жайларды бойлото сел каптоолорду жоюу боюнча курулуш иштерин жүргүзүүдө, тактап айтканда: «Ак-Бата» «Келечек» конуштарын дренаждык, тазалоочу жана сактоочу жайларды (септиктерди) куруу жана орнотуу иштерии жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары, төмөнкү көчөлөрдү бойлото ирригацияларды куруу иштери аткарылууда:

-Абдрахманов көчөсүнөндө Жибек-Жолу проспектисинен № 331 а үйгө чейин, сугат куруу - узундугу - 920 метр;

- Үсөнбаев көчөсүдө Күрөңкеев көчөсүнөн ЧЧКга чейин, сугат тармагын куруу - узундугу - 310 метр;

- Мичурин көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин, ирригация курулуштары жана жолдорду күмөшагыл төгүп түздөө – узундугу 260 метр.

Пикир

Оставить комментарий