• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Свердлов районунун жашоочулары көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация алды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Борбор калаанын Свердлов районунун 931 жашоочусу социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 1,5 тонна көмүр сатып алуу үчүн 5 миң 700 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алды.

Маалыматка ылайык, ошондой эле "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан 150 муктаж үй-бүлөгө отун берилди.

Белгиленгендей, Свердлов акимиатынын кызматкерлери көмүр сатуучу жайларды, бааларын жана катуу отундун сапатын текшерди.

“Көмүр Достоевский көчөсү 1 дарегиндеги «Гефест» отун кампасынан чыгарылат. Шабыркул көмүрүнүн бир тоннасынын баасы болжол менен 4 миң 200 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, райондун аймагында төмөнкү даректерде көмүр сатуучу пункттар бар:

• Саадаев / Орозбеков көчөлөрү;

• Келечек жаңы конушу;

• Ак-Бата жаңы конушу.

Пикир

Оставить комментарий