• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Свет кымбатташы мүмкүнбү? Өкмөт беш жылдык тарифтик саясаттын долбоорун сунуштайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Өлкөнүн орто мөөнөттөгү электр энергиясы боюнча тарифтик саясаты аяктады, буюрса, өкмөт жакында парламенттин кароосуна жаӊы 5 жылдык тарифтик саясаттын долбоорун киргизет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык жөнөгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

Өкмөттүн отчетунда Кыргызстандын тарифтик саясаты жөнүндө маалымат камтылбай калганына нааразы болгон депутат Бактыбек Турусбеков бул жерде кыргыздын «буюрса» деген жубатма сөзүнүн кереги жок экенин, андан көрө жаӊы тарифтик саясаттын киргизүүнүн так мөөнөтүн атоо орундуу болорун эсине салды.

«Демек, азыркыга чейин анын так мөөнөтү жок экен да», - деп кошумчалады ал.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергиясы боюнча тарифтик саясат ар беш жылда кабыл алынып турарын белгиледи.

«Тарифтик саясат жаӊыртылат деген сөз электр энергиясынын наркы көбөйтүлөт дегенди билдирбейт. Тариф көбөйүшү мүмкүн, азайышы мүмкүн, ушул боюнча эле эле калышы да мүмкүн», - деди Боронов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө маалымат укту.

Пикир

Оставить комментарий