• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Светлана Назаренко россиялык телеканалдын эфиринде кыргызча ырдап берди

Маданият 0


Бишкек, 03.07.19/Кабар/. «Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко россиялык RU.TV телеканалынын эфиринде кыргыз тилинде ырдап берди. Видеонун үзүндүсү интернет булактарына жарыяланган.

Назаренко «Сен Менин» ырынан үзүндү аткарып, бул ыр ал Кыргызстанда жашап жүргөн кездери репертуарында болгондугун билдирген.

«Бул ыр сүйүү жөнүндө. Адам баласы сүйгөнүнө жетпей калганда, ал адам мен үчүн дейт, анткени ал жазылбаган ыр, жетпей калган арзуу», - дейт Назаренко.

Пикир

Оставить комментарий