• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сыдыков: Кардарлар насыялардын пайыздарын убагында төлөй албаса, ага туум кошулбайт

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кардарлар насыялардын пайыздарын убагында төлөй албаса, ага туум кошулбайт. Бул тууралуу Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, банктын кызматкерлери кардарларга чалып акча төлөттүрүүгө акысы жок.

"18-марттагы Улуттук банктын токтомуна ылайык, кардарлар насыялардын пайыздарын убагында төлөй албай калышса, ага айып пул же туум кошулбайт", - дейт Сыдыков.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий