• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сый акыны мыйзамсыз алууга шектелген соттук-медициналык эксперт кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери сый акыны мыйзамсыз алууга шектелген соттук-медициналык экспертти кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-февраль күнү Ош облусунун Араван районунун жашоочусу (аял киши) ички иштер органдарына кайрылып, райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкеринин укукка каршы аракеттери боюнча тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун арызында райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгы маалымдалган. Баштапкы 1100 акча каражатын алган соң, ал дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылган.

Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) КР Жазык кодексинин 238-беренеси (Кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө акчаны накталай алып жаткан фактыны видеого тартып алышкан.

Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы К.С. өзүнүн таанышын жөнөткөнүн белгилеп кетүү керек.

Сый акыны мыйзамсыз алган соң ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери экөөнү тең кармашкан. Жогоруда аты аталган соттук-медициналык эксперт мурда дагы ушундай укукка каршы аракети үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгын кошумча билдиребиз Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий